Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

004 Мирбек Атабеков - Сага | Текст песни

Сөзү: К. Качкынбаеваныкы
Обону: М. Атабековдуку

Дүйнөдө жаратылган,
Себепкер бул бактыма.
Жан дүйнөм тартуу кылам,
Жалгыз сага.
Жүрөктүн жарымы сен,
Дүйнөмдүн тамыры сен.
Жаркырап жанып турчу,
Өзүң гана.

Кайырма:
Сен менен жашайм улам,
Сезимдер сага деген,
Жүрөктө толкуп турат.
Жүрөгүм арнайм сага,
Түбөлүк сен деп гана.
Жаралган жүрөгүмдө,
Сүйүүмдү арнайм сага,
Жалгыз сага.

Жашаган арзууларда,
Жалынган жалгыз сага.
Жан дүйнөм оттой жанат,
Өзүң барда.
Жылдыздар аткан таңда,
Жетпегем сендей жанга.
Жылдызды суктандырган,
Өзүң гана.

Кайырма

Другие названия этого текста
  • ♥M.Atabekov - Saga (0)
  • 004 Мирбек Атабеков - Сага (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
Нет видео
-