Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

15 Айжамал Кабылова - Жыпарым | Текст песни

Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.

Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

15 Айжамал Кабылова еще тексты


Другие названия этого текста
  • Айжамал Кабылова - Кусалык (1)
  • 15 Айжамал Кабылова - Жыпарым (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Айжамал Кабылова - Жазгы суйуу Айжамал Кабылова - Жазгы суйуу
    Айжамал Кабылова - Жазгы суйуу .... Айжамал Кабылова, Замир Мырза "Ага- карындаш" super kg - Duration: 4:19. by SUPER.kg ...