Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

AGA-INI - Алгачкы Сүйүү | Текст песни

Дагы эле эсимде алгачкы жолугуу,
Ортобузда жанган сүйүүбүздүн оту.
Өзүңө жолугуп, берилгемби катуу?
Жактыруум билинген көз караш аркылуу.
Бир, эки сөз узатып алмашып тамаша.
Көлдө сүзгөн аккуулардай биз бастык жанаша,
Жап жакындан таанышып, ой пикир алышып,
Сага тигиле карасам, жүзүң катып уялганың эсиңдеби?
Сен үйгө киришиң керек, мен сени коё бергим келбейт.
Узакка... уланса деп ырахат ошол учур, ошол мезгилдеги.
Дал ошол күндөн бери, сүйүп келемин сени

Кайырма
Алгачкы сүйүүм менин
Кардай ак, суудай тунук
Андагы жылуу сезим
Жүрөктө сакталып өчпөйт
Алгачкы сүйүүм менин
Кардай ак, суудай тунук
Андагы жылуу сезим
Унутулгус жагымдуу түштөй

Жүрөгүнө буйрук бере албайсың, билебиз анысы анык.
Сүйгөнүңө ачык айта албайсың, сезим сыр сандык ичиңде.
Ойлойсуң күндүзү, ойлойсуң кечинде. Эч эле кетирбей аны эсиңден
Жандантчы мени жаным. Жагып сүйүүнүн шамын
Келбейт сени алдагым. Гүлдөй назик болгон ардагым
Сендик болуп ар дайым.
Сен деп гана жашайын,
калган өмүрүмдүн жылдарын.
Сен барда ырларым жазылат, кылдары чертилет сезимдеримдин.
Жалгызым өзүң көзүмдөн окуп түшүнгөн эмне деримди.
Бул турмуш сыноо болсо, билем сенсиз калсам мен жеңилеримди.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-