Махабатым бир өзүңө
Мөлтүр суудай агылган.
Азыр эми агымы жок
Бүт баары соолуган.
Эмне үчүн же сынообу?
Адам барбы мен деп жалынган?
Кайырма:
Эми керегим жок эч кимге,
Эми кездешем деп ишенбе.
Кечиргин деп кайрылып келбе,
Эми жүрөк деген жок менде.
Бир кездерде жүрчү элең,
Менсиз күндөр өтпөстөй.
Мага болгон сезимиңдин,
Нуру жанып бүтпөстөй.
Түшүнбөдүм күтүлбөгөн
Азап күндөр койду түгөнбөй.
Кайырма:
Эми керегим жок эч кимге,
Эми кездешем деп ишенбе.
Кечиргин деп кайрылып келбе,
Эми жүрөк деген жок менде.
NEW Гүлжигит Калыков еще тексты
Другие названия этого текста
- Гүлжигит Калыков - Жүрөк тагы (0)
- NEW Гүлжигит Калыков - Жүрөк тагы (0)
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1