Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

╰♥╮ღ Non-Stopღ╰♥╮ - Кыргызстан | Текст песни

Кыргызстан! Алга!

Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш, жери биздин мекен.
Ак пейил, ар-намыстуу элибизди,
Ала-Тоо - алтын бешик алдейлеген.

Элибиз эң байыркы улуу элден,
Эркиндик асабасын желбиреткен.
Эр Манас баатыр баштап далай эрлер,
Эзелтен Ата-Журтту сактап келген.

Кайырма:
Кыргызстаным менин мекеним!
Кыргызстаным сенин мекениң!
Кыргызстаным өркүндөй бергин!
Кыргызстан - деп жашап келемин!

Эл-Журтка дем-күч берген Ата-Мекен,
Эң сулуу, кайталангыс, койну кенен.
Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен,
Жалал-Абад, Таластай жер барбы экен?

Асманга жөлөк болгон тоолор менен,
Ааламда бейиш, жери биздин мекен.
Ар дайым кыргыз жери, коногу мен,
Ак пейил кыргыз эли, антка бекем.

Кайырма

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
Нет видео
-