Санаа-ойдун сезимдин чертимисиң, Оттой неге жанамын. Жүрөгүмдө жаралган махабатым, Жоодураган каралдым. Кербен сулуу чырайлуу келбетиңе, Көзүмдү албай карадым. Өз теңимди таба албай жер бетинен, Бакытыма бааладым.
Кайырма:
Сызып учкан ак куудай көл бетинен, Аппак экен тамагың. Жадыратар жолумду, өмүрүмдү Үлбүрөгөн жамалың Сендей сулуу жок десем сен сезбейсиң, Барбы менин амалым Бул өмүргө келгендей жакшы ыр үчүн Мөлтүрөгөн жанарым.