Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым, Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы. Дайым элимдин алаканы жайык, Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып. Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет, Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишендеп. Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө, Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.
Кайырма: Бул чыгарма меники, менин энекемдики, Угармандыкы, сеники. Бизге кыргыз-тил сабагын берген эжекеники Сөзү менин мекенимдики, Сөзү менин энекемдики, Бул жашоонуку, сеники, Сага кыргыз-тил сабагын берген эжекеники, Сөзү кымбат кыргыз элдики.
Элимдин жаны менен барабар жерге, Илгери ата-бабаларыбыз келген. Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген, Урпагы сактасын деп мээнетин арнагын. Сөз байлыкты баалаган, Күндөр өттү арадан. Жер кургап жамгыр төктү, Дале кыргыз деген баратат. Эй, жашайт мейкин ааламда, Мен да эркин баратам.
Кайырма:
Кыргыз тил сенин тилиң, Менин тилим, эне тилим, Жашайт дайым урпактарга берет билим. Керек тилим сүйлөгөнгө, Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө, Таарынычты кечкенге. Кеч калба, эч алба, Башка тилди биринчи орунга, Эне тилиңди тиричилик орундат. Эсиңдеби эне тилиң колуңда, Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.