Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Азамат Сарыбаев - Кыздар, ай | Текст песни

Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздар, ай.

Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл, бир тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө кыздар, ай.

Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Элдин бир жары эркетай,
Ошол элдин, жердин кыздар, ай.

Калкылдап көлдүн үстүндө,
Пароход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Ак куулар чардап жаткандай.
Алтын бир нурдуу, бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздар, ай.

Азамат Сарыбаев еще тексты


Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
    Нет видео
    -