Карындаш, жүрөгүмдү козгодуң, Карегиң карегиме кадалганда. Кайталап көргүм келет өзүңдү, Сагынычтарга мен батканда. Көздөрүң мөлтүрөгөн карагат, Көргөн жан эңсеп сени тамшангандай. Ирмелет кирпиктериң жаралап, Сезимге жалын жаккандай.
Кайырма: Сага махабаттын гүлдөрүн сунам, Мага чын жүрөктөн жылмайып койсоң. Жаным, балдай ширин сөздөрүң менен, Сүйөм деп, сүйөм деп койсоң.
Карындаш, назданасың эркелеп, Ансайын ашык болдум жамалыңа. Жалындап кол кармашып түбөлүк, Ойгонсок ар бир аткан таңда. Серпилип маңдай чачың таралат, Секетим, сен маралдай басканыңда. Сүйөм деп койчу мени дарылап, Сүйүүсүз алдан тайганда...