Сөзү: Акбар Сүйүнбаев Обону: Азамат Такырбашов, Айбек Замиров, Арсен
Менин бактым белең? Жарык чачып сезимге сен. Күнү-түн үмүтүм, Күндөрдү бирге өткөрсөм деймин. Сага карап айтам, Жүзүң сүйүп, эркелеп сен. Карегиң карагат, Жагымдуу күлкүң жарашат сенин.
Кайырма: Тагдырым бирге болсо, Ажырабай жүрөк соксо. Айланабыз ажайып, Кооз гүлгө толсо.
Эркелетип, эргитип сүйсөм, Сен махабат оту бол. Алоолонуп жалыны, Аткан таңымдай. Жашоо көркү сен болуп жүрсөң, Жанымдан кетпей. Кайра-кайра эңсейм, тартыламын, Гүл болчу, күн болчу сен.