Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Айгул Чалова - Жанылдым | Текст песни

Билбейм, деги тайкысыбы багымдын?
Бүлгүн түшүп, сындым дагы жаңылдым.
Седеп кылып көкүрөккө тагынып,
Сен деп келгем сүйүүдөгү табылгым.

Кайырма:
Толот дегем жарымысы жанымдын,
Толбостугун кайдан билдим, жаңылдым.
Тагдырыма таарына албайм, айлам жок,
Толкуп келип томсорууга кабылдым.

Алоосу өчүп, жалбырттаган жалындын,
Арман арбап, азабына багындым.
Мээримине жылынам деп арзуунун,
Мен эңсеген махабаттан жаңылдым.

Кайырма:

Айгул Чалова еще тексты


Видео
    Нет видео
    -
    Оценка текста
    Статистика страницы на pesni.guru ▼
    Просмотров сегодня: 3