Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Айгуль Чалова - "Суйуу арманы" | Текст песни

Алдырба, алдырба ай,
Өзүңдү кусалыкка.
Эстей жүр бирок мени,
Сүйгөн деп бир убакта.

Өзүңсүз өткүм келбей,
Жалгыздык жанга жетпей.
Жашоодо бир келген ай,
Сүйүүмө калдым жетпей.
Аттиң ай, арман кылам.

Кайырма:
Кайда, сөздөрүң сүйөм деген?
Сагындым, сагындым ай,
Сүйүүдөн зар какшап ай.
Аттиң ай арман кылам,
Сүйүүмө жетпей калган.

Жүрөгүм кусаланып,
Ыйлайт, ыйлайт.
Сыздатып жан дүйнөмдү,
Кыйнайт, кыйнайт.
Тагдырдын буйругу ай.

Курчаган жалгыздык ай,
Камалып туңгуюкка.
Кусамын мен ардайым,
Ар качан кучагыңа.

Чачырап сүйүү нуру,
Каптаган бир убакта.
Шамалдар сүйүү нурун,
Учуруп кайсы жакка,
Учуруп кайсы жакка?

Кайырма

Другие названия этого текста
  • Айгуль Чалова - "Суйуу арманы" (0)
  • Айгуль Чалова - Суйуунун арманы (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
  • Айгуль Чалова "Суйуу арманы" Айгуль Чалова "Суйуу арманы"
    Айгуль Чалова жаныдан чыгып келе жаткан жылдар."Суйуу арманы"абдан хит болгон.
  • Beka суйуу арманы Beka суйуу арманы
    Нурсултан Адыл уулу Сынган суйуу x264 - Duration: 4:59. Алымбек Сооронбаев 20,133 views. 4:59. Айгуль Чалова "Суйуу арманы" ...