Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Алихан - Махабатым | Текст песни

Чырайыңа суктанамын күнү-түнү,
Чырагына жылынамын үмүтүмдүн,
Чыгарасың, күчөтөсүң күйүтүмдү, махабатым.
Табийгаттын татынасы өзүң белең?
Табышмактын көр эшигин ачып кенен,
Тартуулайсың бакыт нурун өзүң менен, махабатым.

Кайырма:
Күнүм болчу нурун чачкан,
Гүлүм сага арнасам.
Күүгүм кирсе жүрөгүмө,
Сүйүү берчи, садагам.

Жылдыз толгон сырдуу түндүн айланасын,
Кусага ороп жалын жашоо арабасын,
Жүрөгүмө бекемделип байланасың, махабатым.
Арбап алдың түбөлүккө жан дүйнөмдү,
Арнап мага аппак сүйүү, гүлдөрүңдү,
Алдап келем сенсиз өткөн күндөрүмдү, махабатым.

Кайырма:

Күндө карайм сенин сулуу сүрөтүңө,
Күлүп түшкөн сенин кара көздөрүңө,
Күндө самап жолугууну бир өзүңө, махабатым.
Чырайыңа суктанамын күнү-түнү,
Чырагына жылынамын үмүтүмдүн,
Чыгарасың, күчөтөсүң күйүтүмдү, махабатым.

Кайырма:

Алихан еще тексты


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Алихан Артыков Алихан Артыков
    Алихан Артыков. Олжас Ксенбай ... Алихан үйлөнгөндө унутайын дегем дейт жубайы Алтынай / SUPER KG - Duration: 14:44. Кыргыз ТВ ...