Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Алтынбек Борошов - Ыйладың неге? | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.

Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып, карындашым,
Акты го менин бетимден.

Кайырма:
Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың,
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?

Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум,
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.

Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.


Другие названия этого текста
  • Алтынбек Борошов - Ыйладың неге? (0)
  • Эмил Балтагулов - Ыйладын неге. (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
    Нет видео
    -