Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин, Наалат келип ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын, Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!
Жазда башка… Жел тийбесин абайла, Көпкө турбас, мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт! 24/X–1948 Чолпон-Ата
Бак таалайым элимдеги ынтымак... (А. Осмонов) УЗБ Общественная региональная телерадиокомпания ОРТРК «Ынтымак» создана в соответствии с постановлением Правительства ...
Ысык Кол Алыкул Осмонов Ысык Кол Алыкул Осмонов .... "Кыргыз радиосу": Алыкул Осмоновдун ырлары жаңырды - Duration: 2:34. by KTRKkg 139 views. 2:34.