Жыпар жыт каптап, Дүйнөнүн жибек жел эзген. Жүрөгүм чакмак, Жүлүндөн бери "дүрт" эткен. Сел болуп каптап, Нур болуп аппак. Түшүмө кирдиң түндө сен, Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак кайың бүрдөп, Ажайып аалам тиктесем. Толкуну түрмөк, Айдың көл мына издесем. Токтолбо жүр деп, Толкунга мин деп. Түшүмө кирдиң түндө сен, Түшүмө кирдиң түндө сен.
Ак куулар учуп, Канатты күүлөп бийиктен. Көңүлдү буруп, Кайберен жүргөн бийик бел. Көл болуп чалкып, Жыт болуп аңкып. Түшүмө кирдиң түндө сен, Түшүмө кирдиң түндө сен.