Кириш сөз: Бир чал көрдүм колдо комуз кармаган, Жашын төгүп, жаш баладай ыйлаган. Жүрөктү эзет анын алсыз карашы, Барбы пенде бул адамды сыйлаган?
Ээн көчөдө жалгыз адам келатса, Эй адамзат, сен кайдигер караба. Бул мен байкуш, көчө кезип кыдырган, Байлыгынан, үй-бүлөдөн айрылган.
Кайырма: Мен киммин? Мен бир байкуш көчө кезген. Ырдасам ырларым жүрөктү эзген, Эй адамзат сен кайдигер караба. Жашоом жаман, бирок жашайм, жашап келгем,
Бир убакта байлык менде төгүлгөн, Кургур байлык түбөлүктөй көрүнгөн. Айрылганмын байлык эмес, баарынан, Жадакалса айдай сулуу жарымдан.
Кайырма:
Көчө кезем, комуз менин эрмегим, Мен байкушмун, кимге менин керегим? Күндөн-күнгө алдан тайып картаям, Комуз сыздайт, а мен болсо ыр ырдайм.