Сөзү : Текебай Мураталиевдики Обону : Текебай Мураталиевдики
Ай, кез эле да калган таң атып, Оо, кездештик да жолдо баратып, эй. Керме каш сулуу беш көкүл, Олдо, кыялымда жаратып, эй. Өтсө экен аа, деймин өмүрүм, Олдо, өзүңө эле өзүм жанашып.
Эй, артыңдан барсам бакчага, эй, Оо, артылып да алып башкага, эй. Жалынып сүйлөп жатыпсың, Олдо, жактырбай сени жатса да, эй. Сүйүүнүн эй күчү керемет, Олдо, жалынтат тура, ий, башкага.
Эй, кыраңдай Акин кымча бел, Оо, кынама да, толдуң көңүл бөл, эй. Арамзанын белинде анда, Ашуулап, жайлап биздин эл, эй. Кымбатым эй, сенден сурарым. Олдо, кыйып кетпей, ий, мендей көр. Кымбатым сенден сурарым. Олдо, кымбатым Акин кыйбай жүр.