Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Асанкалый Керимбаев - Кусалык | Текст песни

Сөзү : Ж.Мамытовдуку
Обону : А.Керимбаевдики

Кезигип жылдардын бир жылдарында,
Кайырсыз айлардын бир айларында.
Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да.

Тирүүлүк бүтүн бойдон тушап алып,
Түшүүдө өмүр менден ушаланып.
Узун түн элесиңди унута албай,
Унчукпас болуп кеттим кусаланып.

Коноктой күндөр өтөт алчыланып,
Күмүш сап камчы менен камчыланып.
Бой таштап тегирмендин парасына,
Кээ күнү калгым келет кайчыланып.

Көз түшүп көк көйнөкчөн убагыңдан,
Арбын жыл атың кетпей кулагымдан.
Түшүмө киришиңди күндө тилеп,
Уктаарда угузбастан дуба кылам.

Асанкалый Керимбаев еще тексты


Другие названия этого текста
  • Асанкалый Керимбаев - Кусалык (0)
  • С. Бейшекеев - Кусалык (0)
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 6
Видео
Нет видео
-