Бийле, кыздар, буралып Бирге сайран куралы Жалындасын от сезим Жүрөк турсун кубанып!
Кайырма:
Кыздарыбыз наздансын Жүрөк кылын козгосун! Көргөн кезде жигиттер Талып түшө жаздасын!
Ашыктарга тил катып Жүрөктөрдү жыргатып Кызга жигит кошулуп Бийлөө деген бир бакыт
Кайырма:
Кара Жорго бийлеңиз! "Кой!" десе да койбоңуз! Кош жүрөктүн шаттыгын Дал ушундай тойлоңуз!
Келе бербес ыңгайга Мындай шартту күн кайда? Ойноңуздар агайын Бийлеңиздер мындайда.
Бийле бийле, сулуу кыз Бийлегенден талбаңыз Былкылдасын муунуңуз Кырсылдасын манжаңыз
Бийле,жеңе,бийлегин! Мына тойлор күн келди Салабатуу агабыз Бийге тартсын жеңемди!
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 7
Видео
КАРА ЖОРГО Ак калпак күнү. Кыргызча бийлөө стилин негиздей алган КАРА ЖОРГО НОМЕР БИР тобу "Ак калпак" ... Сахнада Асель Касмакунова, Элмурат Майрамбеков ...
Суран Байганаев-Суйгонумо клип хороший,но парню в сюжете и девушке в розовом курточке нужно еще подготовится , А нет парня скорее всего нужно убрать!