Кош бол эми көрүп бүттүм анык жүзүңдү, Коргойм эми кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү. Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан. Оор болсо да унутамын жаным өзүңдү.
Кайырма: Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба, Каректерим кургап калган, Көңүл калган, бүттү актанба, Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп, Кеттиң башкага.
Күнү-түнү сени ойлоп, сенсиз кыйналдым, Күйүтүмдү ичке салып азапта калдым. Ыйлабайм деп сооротомун алдап өзүмдү, Жалган айтып булгап алдың тунук сүйүүмдү.
Кайырма: Сагынбайм, кайгырбайм, кайра азгырба, Каректерим кургап калган, Көңүл калган, бүттү актанба, Жүрөгүмдү оорутуп, оорутуп, Кеттиң башкага.