Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Бакыт Шатенов, Дамира Ниязбекова - Айтыш | Текст песни

Талым кыз:
— Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында тунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру ким болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун,
Менин атым — Талым кыз,
Ченеп мага жологун.

Көбөктүн жообу:
– Адамзат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот,
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ай болот,
Арасында мунарык,
Кирген нуру түн болот,
Асман, жерди жаркыткан,
Ачык нуру күн болот.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада,
Таптымбы, Талым, сөзүңдү?
Келтирдимби, кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү!..

Талымкыз:
— Узун, узун, узун жол,
Учун таккан ким болот?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Албай жүргөн ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен таттуну,
Даамын таткан ким болот?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким болот?
Бир ордуна кебелбей
Турган орду ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп
Чечен кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?

Көбөк:
-Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүргөн,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен таттуунун,
Даамын таткан казанчы.
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган туз болот.
Катту бышкан душманды,
Жарым кылган кыз болот.
Алжыйраган тандыкты,
Акыл кылган бар болот.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.

Кызыл гулдой шал бийик
Ойногула жаштар ай

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
Нет видео
-