Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат,
Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап.
Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам,
Ар жыл сайын, ай, уланат.
Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр,
Туулган күн шаңга бөлөнөт.
Кайырма:
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Амандыкты тилейли,
Ден соолукта жүргүн.
Ачылсын ар дайым
Жаштык өмүр гүлүң,
Бактың, сүйүүң.
Бүгүн, бүгүн, бүгүн
Сенин туулган күнүң.
Ата-эне бир тууганга,
Алтын башты ийгин.
Жашоонун кадырын
Узак жашап билгин,
Ойноп-күлгүн.
Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап,
Жакындарың кымбат белек алып камданат.
Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп,
Куттук сөздөр, ай, арналат.
Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген
Эх, кандай сонун салтанат, эй.
Другие названия этого текста
- киргиз-Нурлан Насип - Бугун сенин туулган кунун (0)
- Айзат Орункулова - Бугун сенин туулган кунун (0)
- Бүгін сенің туған күнің - Манас (0)
- Неизвестный исполнитель - Бугун сенин туулган кунун 19_10♡☆ (0)
- ♥kristianaℒℴѵℯ♥ S - ♥♥ℒℴѵℯ♥♥♥ (0)
- ♥Nℒℴѵℯ***Nastulinka***ℒℴѵℯ♥S - ♥♥♥♥ (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1