Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Бек Борбиев,Асел - Биздин сүйүү | Текст песни

Көп ичинен сага окшош көрүнсө,
Мен да караймын.
Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө,
Мен да самаймын.
Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын,
Билбей кадырын.
Азыр дагы куса болуп сагынам,
Мен да самаймын,
Эңсеп самаймын.

Кайырма:

Биздин сүйүү жашап калган ырларда,
Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга.
Кечир эми, сүйүү гүлү буралган,
Кейитпечи, термелбечи, ыргалба.
Кечиктик биз, эми башка арга жок,
Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда.

Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң?
Издеп жүрөмүн.
Мен атамын, сен да балким, энесиң?
Башка бүлөнүн.
Тагдыр бизди жолуктурса капилет,
Эгер капилет.
Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн,
Мен да күлөмүн,
Мен да күлөмүн...

Кайырма:

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
  • Бек Борбиев жана Асель Турдалиевадан Келчи гүлүм ыры Бек Борбиев жана Асель Турдалиевадан Келчи гүлүм ыры
    Бек Борбиев жана Асель Турдалиевадан Келчи гүлүм ыры ... Бек Борбиев - Асел Турдалива / Биздин сүйүү / Супер Дует / 2015 ...