Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Бек Борбиев - Бишкек-Алматы | Текст песни

Дөөтү пирим колдосун,
Алдыдагы узак жол.
Тагдырыбыз шыдыр болсун дейбиз,
Жолдошубуз Кыдыр бол.

Селки тарапка сапарлаш,
Сөз узатсам, таарынбас.
Менден кичүү көрүнөсүң, бийкеч,
Болосуң бейм карындаш?

Кайырма:
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен ким капа?

Мемиредиң нени ойлой?
Койдум мен да ойготпой.
Аман-эсен барып, кайтып келгин,
Көз нуруңду жоготпой.

Кайырма:
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алматы, барабыз түн ката.
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен ким капа?


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
  • Бек Борбиев - Айдана (ЕЛТР) Бек Борбиев - Айдана (ЕЛТР)
    Бек Борбиев - Айдана. ... "Бильярд чыгааны Бек Борбиев & Э. Барпиев 1-2 финал" Кыргыз спорт МК - Duration: 43:01. by ...