Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Бек Борбиев - Казак кыз | Текст песни

Кызыгам колуңдагы,
Кармаган кызыл гүлүңө.
Суктанам, сугум артат,
Казак кыз, сенин өзүңө.
Сураарым кабыл алчы,
Сүйүүмдү ырдап сунайын.
Алматыга күйөө бала,
Күйөө бала болуп калайын.

Кайырма:

Көзүңө көзүм зар,
Жүрөгүңө жүрөгүм зар.
Өзүңө өзүм зар,
Сөздөрүңө сөздөрүм зар.
Күлкүңө күлкүм зар,
Эрдиниңе эрдиним зар.
Демиңе демим,
Ох, демиңе демим зар.

Суктанам, моокум канбайт,
Бал ширин сенин сөзүңө.
Суктанам, сугум артат,
Казак кыз, кара көзүңө.
Сунушум четке какпа,
Ыр менен сырым ачайын.
Алматыдан Бишкекке,
Мен сени ала качайын.

Кайырма:

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2
Видео
Нет видео
-