Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Бек Борбиев - Кыргызстан | Текст песни

Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча,карагайың.

Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.

Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.

Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.

Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң,
Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң,
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң.

Желпилдеп желкеге чач тараганмын,
Көңүлүм күзгү кылып караганмын.
Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин бакытыңа,
Мен сенин бакытыңа жаралганмын.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
  • Бек Борбиев - Жубайыма Бек Борбиев - Жубайыма
    Бек Борбиев - Жубайыма. ... Maya Soltobaeva 1 year ago. Жакшы кором ушул ырынызды Бек байке. Read more Show ...
  • Бек Борбиев - Айдана (ЕЛТР) Бек Борбиев - Айдана (ЕЛТР)
    Бек Борбиев - Айдана. ... "Бильярд чыгааны Бек Борбиев & Э. Барпиев 1-2 финал" Кыргыз спорт МК - Duration: 43:01. by ...
  • Бек Борбиев ыр десте ремикс (монтаж).wmv Бек Борбиев ыр десте ремикс (монтаж).wmv
    Бек Борбиев ыр десте ремикс (монтаж).wmv .... Бек Борбиев,Сыймык Бейшекеев,Ибрагим Жунусов-САХНА - Duration: 4:45. by ...