Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

бек борбиев - кыргызстан (минус) | Текст песни

Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча,карагайың.

Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.

Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.

Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-