Ай шамал, шамал бузба чачымды, Мен сабакка барам, жазып катымды. Балким өзү сезер, мейли сезбесин, Аягында каттын жазбайм атымды.
Кайырма:
Ай ким билет, ким билет? Сиз мугалим, мен студент. Балким бир күн айтарсыз, Мени сүйөм деп. Ошол математика, Окутасыз дайыма. Ак сүйүү эсеп эмес, Ал башка да...
Ай жамгыр, жамгыр нөшөрлөнбөчү, Көңүлүмдү бузба, өжөрлөнбөчү. Табышмактай татаал тагдырлар болот, Балким ал да мени сүйүп жүрсөчү.
Кайырма:
Ай терек, терек неге термелет? Сезим деген шамал аны терметет. Атымды атаса, сабак сураса, Сүйөм деген сымал мага сезилет.