Сезимим сен - деп артылып,
Жан дүйнөм сага тартылып.
Жүрөктө болгон сүйүүмдү,
Жүрө албайм сенден жашырып.
Сүйүнүп калам алтыным,
Сүйөм - деп айтсаң асылым,
Ырларым келет сага арнагым.
Кайырма:
Жалындап күйөмүн,
Жар салып сүйөмүн.
Жан дүйнөңдү жактырып,
Жактырып жүрөгүм.
Сен жүрсөң күлүп жанымда,
Сеземин сүйүү балында.
Өзүмдү сезем бактылуу,
Жүргөндө сенин жаныңда.
Сүйүнүп калам алтыным,
Сүйөм - деп айтсаң асылым,
Ырларым келет сага арнагым.
Кайырма
Бекчоро еще тексты
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1