Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Гүлнур Сатылганова - досторго | Текст песни

Арабыздан жакшы, жаман сөз өттү,
Ич жылытып, сыздатып да өзөктү.
Эми качан бий бийлейбиз чогулуп?
Убакытты таппай жүрүп жаз өттү.
Эми качан бий бийлейбиз чогулуп?
Убакытты таппай жүрүп жаз өттү.

Адам болдук, бой көтөрдүк кыйналдык,
Жамандыкка бирибизди кыйбадык.
Өмүр кыска алтындарым кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
Өмүр кыска алтындарым кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.

Турмуштун чоң агымында агылдык,
Өжөр болдук, өрттү кечтик, жаңылдык.
Кайда калды бала кыял мүнөздөр?
Түшкө кирет жылаажындай жаңырык.
Кайда калды бала кыял мүнөздөр?
Түшкө кирет жылаажындай жаңырык.

Өмүр кыска алтындарым кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.
Өмүр кыска алтындарым кайдасың?
Көзүңөрдөн турар эле нур жанып.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
    Нет видео
    -