Мезгил учат жылдар узап тыным албастан, Жаштык өтөт жалын жүрөк согуп турбастан. Өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Жалын чачкан жанаар отуң жана бербесин.
Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра кайтып келбесин, Ии-ий, о-оо, өткөн өмүр билгин кайра сага келбесин.
Аппак болуп тийип турган күн да жашынар, Токтобостон себелеген жамгыр басылар. Мааниси жок сөздөрүңдүн не бар кереги, Айтчы, жаным, канча болду сааттын жебеси?
Ии-ий, о-оо, бизди күтпөй алга сүзөт өмүр кемеси, Ии-ий, о-оо, кайрылбастан алга сүзөт өмүр кемеси. Өмүр кемеси, өмүр кемеси...