Сөзү: Кыялбек Урманбетовтуку Обону: Эркин Мээркановдуку
Эрке жел сыласа жүзүңдү, Эреркеп түтпөй кетем мен. Аластап кырсыктан изимди, Апакем сүйчү эле чекемден. Көл болуп сурданат көз жашым катат, Күйгүзүп сапарын күн дагы батат эй. Арманым жүрөктө арылбай жатат, Жанымда сен жоксуң апаке.
Жашоодо апакем тоо болду, Калкалап мени жамгырдан. Жашыймын көргөндө тоолорду, Апакем тургандай алдымда. Мейиздей төгүлүп мезгилим шашат, Баш ийбей акылга балалык качат эй. Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке.
Кайырма:
Апакем көңүлдө өчпөгөн улук жан, А бирок өмүрдө жоготуу бат экен. Көшөрүп сураймын көктөгү булуттан, Көрдүңбү каякта асылым апакем.
Кемитпей ордуңду келемин жашап, Сезимде сен барсың апаке