Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Добулбас - Аселдейим | Текст песни

Татымың тоонун балы, Аселдейим,
Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин.
Арзуумду аягандай туюлармын,
Ичимден канча сага эзилбейин.

Кайырма:
Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим,
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.

Жыпарың тоонун балы, Аселдейим,
Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин?
Түбөлүк эриш–аркак бололу бир,
Жоготуп такыр сени издебейин,
Издебейин, издебейин, Аселдейим.

Кайырма:
Тоо булагы аккандай,
Алма бүчүр ачкандай,
Айга Чолпон жаккандай,
Мен сени сүйөм.
Жаздын таңы аткандай,
Булбул гүлүн тапкандай.

Добулбас еще тексты


Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
  • Алтынчы күнү кечинде. Добулбас - Аселдейим Алтынчы күнү кечинде. Добулбас - Аселдейим
    Алтынчы күнү кечинде. Добулбас - Аселдейим. DOBULBAS GROUP. SubscribeSubscribedUnsubscribe 6969. Loading ...