Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Жолдошбек Мамажанов - Суротуно | Текст песни

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Другие названия этого текста
  • Аяна Касымова - суротуно (1)
  • Ayana Kasymova - syrotyno (1)
  • Жолдошбек Мамажанов - Суротуно (0)
  • Ayana Kasymova - Surotuno (0)
  • Аяна Касымова(бишкек) - суротуно (0)
  • Аяна Касымова - суротуно (казахская) (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Жолдошбек Мамажанов - Суротуно Жолдошбек Мамажанов - Суротуно
    Жолдошбек Мамажанов - Суротуно. ... Жодошбек Мамажанов акебиздин элеси очкус болуп мына дале элдин журогундо жашап келет.
  • Жолдошбек Мамажанов Суротуно Жолдошбек Мамажанов Суротуно
    Жолдошбек Мамажанов Суротуно. Кыргызча ырлар. SubscribeSubscribed Unsubscribe 23. Subscription preferences ...
  • MAMAJANOV SUROTUNO.flv MAMAJANOV SUROTUNO.flv
    MAMAJANOV SUROTUNO.flv ... Аяна Касымова - Сүрөтүңө 2015 (суротуно, Неге сен | римейк) | Кыргызстандын ...