Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Замир Арыкбаев - чоно бергин кичинекейим | Текст песни

Сөзү: Замир Арыкбаевдики
Обону: Замир Арыкбаевдики
Тажабай кыймылдан кур эрке быйтыйган,
Кичине колдору быйтыйган, быйтыйган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Ата” деп кыйкырган.
Жумуштан келсем сүйүнтүп,
“Атоу” деп кыйкырган.

Кайырма:
Көңүлүм эргип, көккө жетемин,
Айланып эле сенден кетейин.
Жан дүйнөм бүтүн, бүтүн эргиди да,
Чоңоё бер, кичинекейим. 2 жолу

Күн кечке ойногон, оюнга тойбогон,
Кез-кезде кур эрке кой десе койбогон.
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон,
Кыялы жомок, кыялкеч ааламды жойлогон.

Кайырма:

Жарыкка келгениң жүрөктө кубаныч,
Өнөрүң чыкканы баарыбыз кубанып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.
Өмүрүң тилеп келемин, Теңирден суранып.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-