Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Ильяз Абдразаков & Алтынбек Алымов - Ак кушум | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Сөзү: А.Алымовдуку
Обону: А.Алымовдуку

Канатың тарап кечинде,
Уяңа конгон кезиңде.
Уурданып барып, ак кушум,
Уяңдан күтөм кечинде.

Койкоюп тосуп төшүңдү,
Коюнуңа чакыр өзүмдү.
Кор кылбай башка бирөөгө,
Колдоп кой менин сөзүмдү.

Толкутуп сүйүү деңизин,
Куюндай буздуң тегизин.
Толкунум согуп турууга,
Аска-зоо болчу эгизим.

Эби жок согуп жүрөгүм,
Эзилип күндө жүдөдүм.
Эстеген сайын өзүңдү,
Эсимден танып жүрөмүн.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-