Кара көзүң жагылса шамдай, Кантип сага коёмун барбай? Сүйгөн үчүн, дүйнөм бүтүн, керемет кандай? Кол кармашып, бактыга барбыз, Куушкан аттай кагылган жанбыз, Батып муңга, кантип мурда жашадык жалгыз?
Кайырма: Эркелеп ак булуттан неге жаш тамат? Эки жүрөк табышканда жаз башталат. Бийик учат махабат кушка айланып, Биз экөөбүз - кош канат.
Сагынычтан качамын кайда? Сага карай шашамын кайра. Сүйбөгөнгө, күйбөгөнгө, Бар бекен айла? Жамгыр жааса койбогум келбейт, Жалындаган жан барбы мендей? Кара мына, карааныңа толкудум көлдөй.