Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Иса Омуркулов - Жалгызым | Текст песни

Таалай, бакыт, эрмегим,
Татынакай берметим.
Келген өңдүү периште,
Келишимдүү келбетиң.
Сүйүү болсо дарыя,
Толкун болуп мени терметтиң.

Жан дүйнөмдү жылытаар,
Жамалыңда жылдыз бар.
Көркөмүңө мен тургай,
Көз артышат булуттар.
Сенин махабатыңсыз,
Секетим мага бул дүйнө тар.

Кайырма:
Жалгызым, жарыгым,
Жарымым жаралган бактыма.
Жалгызым, жарымым,
Сени сүйөмин!
Сени сүйөмин!

Жарык берген чырагым,
Жанып бирге ынагым.
Жашообузду айрыба,
Жараткандан сураймын.
Бирге татып өтөлү,
Мөлтүр, тунук сүйүү булагын.

Сүйүү сулуу, сүйүү кооз,
Сүйбөй өткөн жан болбос.
Бакыт болуп мен үчүн,
Сүйлө, ырда, обон соз.
Күндө келчи жолумдан,
Күтүп мени, күлүп-жайнап тос.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Популярное сейчас
Видео
  • Бактыгуль Бадыева - Жалгызым Бактыгуль Бадыева - Жалгызым
    Бактыгуль Бадыева - Жалгызым 2011 Kyrgyzstan directed by Belove.
  • Kyrgyz Songs - Bulbul Kyrgyz Songs - Bulbul
    Айдин Шер - Жалгызым ай ( new music video 2013 ) - Duration: 3:31. by ... Иса Омуркулов - Суйуу жазы ...