Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кайрат Примбердиев - Ойлон Элим | Текст песни

Бул дүйнөгө кимдер гана кимдер келип кетпеген,
Татаал мезгил таразасына кимдер гана түшпөгөн.
Калың журтту канжалатып хандар өткөн дүйнөдөн,
Кара жондон камчы кетпей, кулдар өткөн дүйнөдөн.

Көргөн жанды адаштырган сулуу өткөн дүйнөдөн,
Эки элди чабыштырган уруу өткөн дүйнөдөн.
Сыноо үчүн жаралганбыз (оо,бурадар дүйнөдөн???)
Бирде ылдый, бирде өйдө жалган экен бул дүйнө,

Алла сөзүн даңазалап, пайгамбарлар жашаган,
Оо адамзат, акыл берчи, Алла берсин жараткан.
Жаратканды дайым даңктап, кечирим тап намаздан,
Ууру кылбай, ушак айтпай, алыс болгун жалгандан.

Алакандай кыргыз элим алты санга бөлүндү,
Түндүк, Түштүк деген сөздөр эл ичинде көбөйдү.
Ынтымагы бар эл болсо ырысы бар элдин,
Бөлүнбөстөн бирге болсок, келечеги кең элдин.

Кыздарыбыз намыстанбай, дене саткан күн келди,
Арак ичкен, кыргыз уулу жерде жаткан күн келди.
Эртеңибиз кандай болот, ойлон элим, ойлончу,
Ыйман менен жүрөк толук ойгон элим, ойгончу.

Алла, кечиргин менин күнөөлөрүмдү, Алла,
Ыйманга толтурчу жүрөгүмдү Алла (2 жолу).

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • кайрат Примбердиев Жигит суйуусу кайрат Примбердиев Жигит суйуусу
    кайрат Примбердиев Жигит суйуусу ... Кайрат Примбердиев - Поезддеги махабат "Фрунзенин кечтери" - Duration: 3:18. by KG канал ...