Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кайрат Примбердиев - Сен деги кандай немесиң? | Текст песни

Сен деги кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Сүйүмдү арнай беремин,
Жообуңду күтүп келемин,
Мамилең муздак болсо да,
Көзүңдөн сүйүү издеймин.

Кайырма:
Ак сүйүү баркын билбеген,
Сен өзү кандай немесиң?
Башкалар айткан сөздөрдүн,
Жалганын кантип сезбейсиң?
Чын эле кантип сезбейсиң?

Кадырым билбе, сен үчүн,
Жанымды чабам не үчүн?
Бир күнү "сүйөм" деп келсе,
Деп жүрөм үзбөй үмүтүм.
Сен өзү кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.

Другие названия этого текста
  • Кайрат Примбердиев - Кандай немесин (0)
  • Кайрат Примбердиев - Сен деги кандай немесиң? (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-