Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кенеш тобу - Аярым | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.

Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?

Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалганда алсырап аядың.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.

Кайгы беле махабаттын белеги,
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?

Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадым.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол менин сага каалаарым.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 3
Видео
    Нет видео
    -