Кечинде келемин сага, Жылдыздарды аралап. Сен үчүн гүлдөрдөн эмес, Жылдыздардан букет жасап. Жанып турган жалгыз айга, Жалынамын адатымча. Көрбөй калып сумсайбайын, Сен жылмайганда, сен жылмайганда...
Кайырма:
Билесиңби сенин көзүңдө, Сыйкырдуу күч бардай өзүнчө. Бир кадам да алыс бастырбай, Тартат өзүнө, тартат өзүнө.