Саамайың сылап, Салкын жел жылат. Ансайын сүйүүм ашып турат, Күн чыкса күлүп, Жүзүңдөн сүйүп, Жүрөккө турат жарык тийип.
Кайырма: Биз, эгиз жүрөк, бир болсок деп, Эңсеп жүрөк. Бирдей дайым максат тилеп. Бакыт тилеп, Бири-бирине болор тилек. Сен да мага, Мен да сага, Энчиленген эгиз жүрөк.
Эрдиңден сүйө эзилип жүрөм, Ээрчишип дайым бирге жүрсөк. Айга да сени алмашпайм эми, Сен барда Алла болбойт кеби.