Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кубаныч Сатаев - Бөлүнбө Кыргызым | Текст песни

Биз кайда, кыргыздар, адашып,
Адашып баратабыз?
Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.
Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,
Ынтымак ыдырап барат алыс.

Кайырма:

Бөлүнбө, кыргызым,
Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!
Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.
Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.

Тарыхта кыргызым кадырлуу,
Тамырлуу, бийик элден.
Душманы тизесин ийип келген.
Манасы жол баштап кыйын күндө,
Курама кол топтоп, жыйып келген.

Кайырма:

Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,
Биримдик, достукту калыптасак.
Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,
Ак жолдон адашып, жаңылбасак.

Кайырма:

Кубаныч Сатаев еще тексты


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-