Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кудайберген Кутуев - Суйуу балы | Текст песни

Сөзү : Г.Өмүрбекованыкы
Обону : С.Азимбаевдики

Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен?
Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.

Кайырма:

Сезбеди сагынганым сенин жаның,
Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным,
Жутпадым сен жыттанган,
Жутпадым сен жыттанган,
Сүйүү балын.

Айта албай убакыттын эрте-кечин,
Сыялап сырлар жазат кагаз бетин.
Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
Калтырып махабаттын ыр-кесесин.

Кайырма:

Конбодуң чынарымдын бутагына,
Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
Карматып кыпкызыл чок бутагыңа.

Кайырма:

Кудайберген Кутуев еще тексты


Другие названия этого текста
  • Кудайберген Кутуев - Суйуу балы (0)
  • Нурлан Насип - Суйуу балы (0)
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 4
Видео
Нет видео
-