Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кундуз - Алгачкы махабат (Қазақтардан салам) | Текст песни

Pesni.guru - сайт для Гуру

Алгачкы ак сүйүүм болдуң эле,
Айтпадың сүйүүңдү неге дебе.
Жүрөгүм сен деди,
Намыс жол бербеди.

Балбылдап көздөрүң турган эле,
Сезбедиң сезимди, анда неге?
Таарынбайм өзүңө,
Карабай көзүңө,
Сүрдөп сенден, сүйүп келгем.

Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Кымбатым, сени эстей берем.
Кайгырбайм өткөн күнгө,
Кылыгым теңелет кызыл гүлгө.
Өчпөгөн сезим менен,
Өзүңдү эстей берем.

Ай болуп булуттан чыгып келген,
Алыстан дүйнөгө жарык берген.
Алгачкы махабат,
Ажайып жаралат.

Караса көздөрү сүрү бардай,
Сүйүүгө жүрөгүм турган канбай.
Сезимдер эртелеп,
Мага да келсе деп,
Күнү-түнү күтүп, сүйүп.

Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Өзүңдү эстей берем.


Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
Нет видео
-