Жарык жарып көлдүн жээгин, Ыйык көлүм, кетирбегин. Нур толтуруп суунун жээгин, Топ булутту келтирбегин. Чалкайсынчы төрүң, Эс алдыргын, кейитпегин. Чайпалсынчы көлүң, Жай майрамдан кетирбегин.
Кайырма: Көл кайнап, Көк чапанын жамынып. Шарпылдап, Жээкке толкун чабылып. Бир сүрдөп, Асман жарып чагылган. Жай гүлдөп, Ыйык көлүм чакырган.
Көк көзүм сени карап, Кучагыңа жайылды. Ээ-эй, жаным көлүм, Сени жүрөк сагынды. Ак кеме көлдө сүзүп, Жалдырата каратты. Ак чардак тентектенип, Жайып жүрөт канатты. Көз салып күтүп жүрөт, Секирет деп балыкты. Ээ, кандай сонун, Тосуп алат табият. Таптаза болсо, Кучак жайып кубанат.
Ээ, досум, айтып кетем, Өз жериңди сыйласаң. Жердеги таштандыга, Жаның күйүп ыйласаң. Сактайлы көлүбүздү, Бабалардан калганы, Өз жерибизге, Кайдигерлик кылбайлы.
Кайырма:
Телегейиң тегизби? Айкөлдүгүң негизби? Кылымдарды карыткан, Сен баатырсың, негизи. Сенин ханың Манас хан, Кыргыз үчүн кармашкан. Каркыра жайлоо ээлеген, Элге керек жер деген. Ыйык көлдү көлүм деп, Кас душманга бербеген. Кыргызга деп мөңгүнү, Өз мекенин бектеген. Тоолуу жердин ортосу, Ыйык көлдүн ордосу. Чындап эле ыйык көл, Болгон экен мурда чөл. Чөл үстүндө бир шаарды, Каптап алган ыйык көл. Ыркы кеткен бир калкты, Жазалаган ыйык көл. Ала-Тоо, тоолор курчаган, Бабаларың тандаган. Ушул жериң сеники, Мен кыргызмын, меники!