Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде,
Жалгызсырап суз өткөөлдүн бетинде.
Күз келгенде бөтөн куштар топтолду,
Үйүрү менен жылуу жакка кетүүгө.
Кайырма:
Аянычтуу аппак куунун калганы,
Айсыз түндө азап күүсүн чалганы.
Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го,
Ак куулардын арманы.
Кыш келгенче кайра учуп кетерде,
Жабыркабай өз тобуна жетерде.
Ким ойлоптур сулуулардын өмүрдөн,
Жалгыз өтөр деп.
Кайырма:
Кыз Бурак еще тексты
Другие названия этого текста
- Кыз Бурак - Ак куулардын арманы (0)
- Кыз Бурак - Aк-куулардын арманы (0)
Оценка текста
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 2