Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

Кыз-Бурак - Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын | Текст песни

Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, "билбейм" десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.

Другие названия этого текста
  • Кыз-Бурак - Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын (0)
  • Кыз Бурак - Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын (0)
Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
  • Айгуль Максат тобу Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын Айгуль Максат тобу Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын
    Песня "Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын" из живого концерта 1996 , который проводился во дворце спорта. Retro Kg 90-th.
  • КЫЗ БУРАК тобу Сизге ALMAZ SCORPION КЫЗ БУРАК тобу Сизге ALMAZ SCORPION
    "Кыз Бурак тобунун 35 жылдык юбилейлик концерти" Кыргыз концерт ... Айгуль Максат тобу Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын ...
  • Кыз бурак, Ысык-Көл 2012 Кыз бурак, Ысык-Көл 2012
    Отрывок из песни "Кыргызымдын жигиттери" (Джигиты ... Ат жалында шамалдай ойнобосо анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын ...